Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Египет: “Ал-Жазиранын” эки журналисти камактан чыкты


“Ал-Жазира” каналынын эки журналисти күрөөгө бошотулду. Мындай чечимди кечээ Каир соту кабыл алган эле. Мохаммед Фахми жана Бахер Мохаммед абакта жалпысынан 400 күнгө жакын убакыт өткөрдү. Күрөө үчүн 33 миң доллар төлөндү.

Журналисттерге карата ачылган кылмыш ишти тергөө уланып, алар полициянын көзөмөлүндө болот.

Аталган эки журналист жана австриялык кесиптеши Питер Грест Египетте тыюу салынган “Мусулман агайындар” тобу менен кызматташып, өлкө тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталышкан.

Египет бийликтеринин жүйөсүндө “Ал-Жазиранын” журналисттери “Мусулман агайындардын” таламын коргоп, аларга кызмат кылган. Мындан улам алар жетиден он жылга чейин абакка кесилген. Бирок жыл башында Египет соту бул чечимди кайра карамай болгон. Мындан соң Грест абактан бошотулуп, өз мекенине депортацияланган.

XS
SM
MD
LG