2015-жылы бөлүнчү каражат Украинадагы коррупцияга каршы күрөшкө, экономикалык реформаларды колдоого жана жакырларды колдоого багытталган. Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Кимдин айтымында, бул каражат эл аралык коомчулуктун жардамынын бир бөлүгү катары бөлүнүүдө.
Буга чейин Эл аралык валюта кору менен украин бийликтери өлкөнүн каржы тармагын сактап калуу үчүн 17,5 миллард долларлык пакет боюнча алдын ала макулдашууга жетишкени кабарланган. Кордун жетекчиси Кристин Лагарддын айтымында, алдыдагы төрт жылда Украинага 40 миллард доллар берилет жана ал башка кошумча булактардан да каржыланат.
Украинанын улуттук валютасы - гривна өткөн жылы 50 пайызга кунун жоготуп, өлкө экономикасы 7,5 пайызга кыскарган.