Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Казакстан: Экс-премьер Ахмедовдун үй камактагы мөөнөтү узартылды


Карагандада райондук сот мурдагы премьер-министр Серик Ахмедовдун үй камактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Мындай чечим Ахмедовдун кылмыш иш менен таанышууга кошумча убакыт сураганы үчүн кабыл алынды. Ахмедов иш менен таанышып бүткөн соң, ага расмий түрдө айып тагылмакчы.

2014-жылга чейин эки жыл казак өкмөтүн башкарган Серик Ахмедовго былтыр ноябрда кылмыш иши козголгон. Ага “мамлекеттик бюджеттен ири өлчөмдөгү акчаны уурдаган жана кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылып жатат.

XS
SM
MD
LG