Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

ЕККУ Орусия жана Украина чек арасын көзөмөлдөөгө даяр


Европадагы коопсуздук жана кызматташык уюму тиешелүү мандат берилсе, Орусиянын жана Украинанын чек арасында көзөмөл жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн аталган уюмдун баш катчысы Ламберто Занньер Киевде билдирди. Анын айтымында, ЕККУнун Киевдеги атайын миссиясы орус-украин чек арасындагы белгилүү аймактарда гана мониторинг жүргүзүүгө укуктуу. Эгер бейшембиде кабыл алынган Минск келишимине ылайык, уюмга чек арада мониторинг жасоо укугу берилсе, аны аткарууга даяр.

Ал эми Орусиянын ЕККУдагы өкүлү Андрей Келин Украинанын чыгышындагы жаңжал жүрүп жаткан аймакта уюмдун байкоочулары 230дан 350гө чейин көбөйтүлгөнүн билдирди.

12-февралда Беларустун борбору Минскте Германия, Франция, Украина жана Орусиянын президенттери атайын тынчтык келишимине кол койду. Ага ылайык, 15-феврал түн ортосунан тарта Украинанын чыгышында ок атуу токтотулушу зарыл.

XS
SM
MD
LG