Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Орусия: Пенсионердин өлүмү үчүн дүкөн жетекчисине айып тагылды


Петербургдагы “Магнит” дүкөнүнүн директору Ольга Конюховага “өзүмбилемдик” жана “кокустуктан адам өлүмүнө себепкер болуу” беренелери боюнча айып тагылды.

Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинен кабарлашты. 3-февралда аталган дүкөндөн үч даана каймак май уурдады делген 81 жаштагы аял убактылуу кармоо жайында каза болгон эле. Каза болгон Рауза Галимова Конюхованын арызынын негизинде милицияга алынып келген. Арызда ал үч даана майдын акчасын төлөбөй, дүкөндөн алып чыгууга аракет кылганы, анын жалпы баасы 300 рублду түзгөнү жазылган.

81 жаштагы кемпир полиция бөлүмүндө өзүн жаман сезип, тез жардам келгенге чейин көз жумган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Ленинград блокадасынын катышуучусу Галимова каймак майдын акчасын төлөөнү унутуп койгонун айтып, аны төлөөнү суранганына карабастан, дүкөн ээси милицияга арыз жазган. Бул окуя Орусия коомунда абдан чоң талкууларды жараткан эле.

Ошондой эле Петербург прокуратурасы “Магнит” дүкөнүн жабуу боюнча маселени көтөрүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG