Өзбекстанда ЖОЖ жетекчиликтери студенттерди 14-февраль Ыйык Валентин күнүн белгилебейм деп кол койдуруп жатышат.
“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, Ташкент университетинин журналистика факультетинин студенттерин “Валентин күнүн белгилеп, окуу жайдын кадыр-баркына көлөкө түшүрбөйм” деген баракчага кол койдурушкан.
Анын ордуна өлкөдө 14-февралдагы Поэзия күнүн белгилөөнү милдеттендирүүдө. Бул күн Улуу Могол империясын түптөөчүсү жана акын катары белгилүү Бабурдун туулган күнү катары белгиленет.
Ошондой эле шаар бийликтери 14-февралда Ташкенттеги сейил бактарда полиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү чечимин чыгарышкан.
Бийликтер Ыйык Валентин күнү өзбек элинин салт-санаасына жана ислам динине каршы келет деп эсептешет. Сүйүү күнү Борбор Азияда жаштардын арасында акыркы жылдары кеңири майрамдалып келет, ошону менен бирге айрым топтордун бул майрамга каршы чыгышы күчөдү.