Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Журналист Хадижа Исмаиловага жаңы айыптар тагылды


Хадижа Исмаилова

Камактагы “Азаттыктын” Бакудагы кеңсесинин кабарчысы Хадижа Исмаиловага жаңы айыптар тагылды. Бул тууралуу анын адвокаты Фариз Намазлы билдирди.

Адвокаттын айтымында, журналистке каршы мыйзамсыз ишкердик менен алектенген, салык төлөөдөн качкан деген сыяктуу беренелер боюнча айып тагылууда. Бул беренелер боюнча күнөөлүү деп табылса, Исмаилова 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Бирок журналист айыптарды четке кагып жатат.

Хадижа Исмаилова өткөн жылдын 5-декабрында камакка алынган. Ал Азербайжандын президентинин үй-бүлөлүк бизнесинин сырларын ачкан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана уюшкан кылмыштуулук менен коррупция боюнча долбоордун автору. Ал камакка алынган соң “Азаттыктын” Бакудагы кеңсесине текшерүүлөр болгон.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму радионун бюросуна жасалган рейдди жана анын жабылышын “Азербайжандагы эркин медиага жана ой-пикир билдирүү эркиндигине дагы бир олуттуу сокку” деп атаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG