Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:52

Ооганстанда Тынчтык кеңешинин мүчөсү өлтүрүлдү


Согушкерлер Кандагар шаарында талибандар менен сүйлөшүү жүргүзүү максатында түзүлгөн Тынчтык кеңешинин мүчөсүн өлтүрдү. Бийлик тараткан маалыматка ылайык, кеңештин өкүлү Шерин Аганы 12-февраль күнү кечинде мечитке намазга барган учурда атып кетишкен.

Президент Ашраф Гани бул кылмышты ырайымсыздык деп атады. Азырынча аткылоого жоопкерчиликти эч кайсыл топ өзүнө ала элек. Өткөн жылы да талиптер мурдагы мамлекет башчы Хамид Карзай тарабынан түзүлгөн Тынчтык кеңешинин өкүлдөрүнө кол салган.

Соңку күндөрү согушкерлер Ооганстандын күч түзүмдөрүнө тез-тез сокку ура баштады.

XS
SM
MD
LG