Мурдагы имамы экстремизмге шектелип кармалган Кара-Суудагы “Ас-Сарахсий” мечитине Сүйүн ажы Калыков имамдын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин Кара-Суу районунун имам-хатиби болгон. Мындан ары эки жумушту тең аткарат. Жамаат менен тил табыша алса, имам болуп расмий бекитилет.
Аны 13-февраль күнү жума намаз учурунда Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук казыятынын маалымат катчысы Нургазы Каримов билдирди.
“Ас-Сарахсий” мечитинин экстремизмге айыпталып кармалган мурдагы имамы Рашод Камаловду Ош шаардык соту эки айга камаган. (YI\SE)