Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Иракта согушкерлер АКШ базасына жакын шаарды ээлеп алды


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун согушкерлери Ирактагы АКШ аскер базасына жакын жерде жайгашкан Ал-Багдади шаарын ээлеп алды. Аталган базада АКШнын 300гө жакын аскери жана согушкерлерге каршы коалиция күчтөрү жергиликтүү жоокерлерди окутуп, үйрөтөт. Пентагондун басма сөз катчысы билдиргендей, согушкерлер соңку бир ай ичинде алгач ирет жаңы жерди басып алууга жетишти.

Расмий маалымат боюнча, салгылашуу маалында бир канча согушкер жок кылынган. Пентагон бул операцияга бир да америкалык аскердин катышпаганын билдирди.

Шаарды басып алуу учурунда бомба жардырган жанкечтилер Ирак күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG