Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Куршабда сел жүрдү


Өзгөндүн Куршаб айылында 12-13-февраль күндөрү жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 13 турак үйдүн алдын суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги турак жайларга зыян келбегенин, адам өмүрүнө коркунуч жок экендигин билдирди. Сууну тазалоо үчүн атайын техника бөлүндү.

Ал арада Таластын Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунда 12-февраль күнү болгон суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Нөшөрлүү жаандан улам Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Ача айылында бир үйдү суу каптаган.

Адистер Кыргызстанда 17-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканын эскертет. (SE)

XS
SM
MD
LG