Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Ош: Балдарга зомбулук кылгандарды өлүм жазасына тартууну 9 миң адам колдоду


Ош шаарында балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу сунушу жазылган билдирүүгө 9 миң киши кол койду. Бул тууралуу «Азаттыкка» акциянын уюштуруучусу, «Кыргыз журтум» коомдук фондунун жетекчиси Сапаргүл Бердалиева билдирди.

- Бул акция азырынча Ош облусунун гана аймагында өтүүдө. Эгер башка облустарды тартсак, мындан да көп кол топтолмок, - дейт Бердалиева.

“Кыргыз журтум” коомдук фондунун мүчөлөрү 21-январдан тарта балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу боюнча кол топтой баштаган. Буга соңку кездери наристелерге карата зомбулук фактылары көбөйгөнү себеп болгон.

Кыргызстан Кылмыш кодексинен өлүм жазасын алып салган. Өлкөдөгү эң жогорку жаза өмүр бою эркинен ажыратуу болуп эсептелет.(YI\SE)

XS
SM
MD
LG