Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Сарпашев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кызматтан алууну сунуштады


Тайырбек Сарпашевдин.
Тайырбек Сарпашевдин.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге жергиликтүү бийликтерде иштеп жаткан айрым кызматкерлерге сөгүш жарыялоону жана айрымдарын кызматтан алууну сунуштады.

Анын айтымында, соңку кездери өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү аткарышы зарыл болгон 48 иш-чаранын 42син, Ош облустук бийлиги 41 тапшырманын 34үн, Жалал-Абад облусу 41 тапшырманын 36сын, Чүй облусунун жетекчилиги 57 буйруктун 47син гана аткарган.

Ошондой эле Сарпашев иште кетирген кемчилиги үчүн Ысык-Көл районунун акимине, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Жайыл, Москва, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондорунун акимдеринин орунбасарларына чара көрүү зарылдыгын билдирди. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабековдун бюджетти толтуруу жаатындагы иши канааттандырарлык эместиги айтылды.

Ошондой эле энелер өлүмү көбөйгөнүнө байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абаддагы координаторун жумуштан алуу сунушу киргизилди. (SE)

XS
SM
MD
LG