13-мартта Түркиянын бардык кинотеатрларында «Салам-Жазга карай» аттуу тасманын бет ачары болгону турат. Тасманын расмий барагындагы маалыматка ылайык, Кыргызстан, Түркия жана Казакстанда тартылган бул киного Эгемберди Бекболиев, Назира Айтбекова сыяктуу кыргыз актерлору да катышкан. Башкы ролдо Аслыхан Гүнер, Гүрол Гүнгөр сыяктуу Түркиянын атактуу актерлору ойношот. Тасманын сюжети реалдуу окуядан алынып, анда Түркиядан Кыргызстанга жаӊы жашоо издеп барган мугалимдин үмүтү, сүйүүсү чагылдырылган. (BCh)