Бүгүн түнү Украина чыгышында ок атышууну токтотуу келишими күчүнө кирет. Президент Петро Порошенко эгер эрегиш токтобосо, Украина Европа кеңешинен чукул жолугушуу өткөрүүнү талап кыларын билдирди.
Ишембиде жикчилдер менен украин армиясынын кармашы токтогон жок. Айрыкча Мариупол жана Дебальцево шаарынын жанында айыгышкан уруш болгонун “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы билдирди.
Украин бийликтеринин белгилөөсүндө, Минскиде сентябрда кабыл алынып, ушул жумада макулдашылган келишим боюнча Дебальцево шаары украин тараптын көзөмөлүндө калууга тийиш.
Украина жана Батыш Орусияны Донбасстагы жикчилдерге жардам бергени үчүн айыптап келет. Бирок Кремл муну четке кагууда. 12-февралда Минскиде Украина, Орусия, Франция президенттери жана Германия канцлери жаңжал болуп жаткан аймакта 15-февралдан тарта ок атууну токтотууну макулдашкан.