Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Аба ырайы: чукул эскертүү


Синоптиктер 17-февралга чейин туруксуз аба ырайы болорун эскертүүдө.
Синоптиктер 17-февралга чейин туруксуз аба ырайы болорун эскертүүдө.

Кыргызстандын аймагында 17-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп жатат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында, тоо этектеринде мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаайт. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -25 градуска чейин суук болушу күтүлөт. Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат, унаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине кедергисин тийгизиши мүмкүн. Тоолуу жолдордо кар көчкү жана күрткү коркунучу бар.

16-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 1...6,

Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...-9,

Бийик тоолуу райондордо -20...-25, күндүз -9...-14 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0...2, күндүз 4...6 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG