Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Германия, Франция жана Орусия лидерлери Минск келишиминин жыйынтыгын талкуулайт


Украина чыгышында гуманитардык жардам алып жаткан жарандар.
Украина чыгышында гуманитардык жардам алып жаткан жарандар.

"Норманд форматындагы" жолугушууга катышып, Украина чыгышында тынчтык орнотуу боюнча макулдашууга жеткен тараптар Минск келишиминин аткарылышын телефон аркылуу талкуулайт. Бул тууралуу Германия, Франция жана Орусия лидерлери 14-февраль күнү кечинде телефон аркылуу макулдашканын Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

12-февралда Минск шаарында Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлери согуш жүрүп жаткан аймакта 15-февралдан тарта ок атууну токтотууну макулдашкан. Порошенко сүйлөшүү учурунда эгер тынчтык орнобосо, аскердик абал киргизилерин эскерткен.

Макулдашууга ылайык, жекшембиге караган түнү согуштук аракеттерди токтотуу боюнча Порошенко буйрук берди. Бирок ага карабай, ок атуулар болгону кабарланууда. Бул үчүн орусиячыл жикчилдер менен украин өкмөтү бири-бирин күнөөлөп жатат.

XS
SM
MD
LG