Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Украинада Луганск облусунун экс-губернатору камакка алынды


"Региондор" партиясынын парламенттик фракциясынын мурдагы башчысы, экс-губернатор Александр Ефремов бир күн мурда камакка алынганын 15-февралда Украинанын башкы прокурору Виктор Шокин билдирди. Анын айтышынча, Ефремов бийлик укугун натуура пайдаланды деп айыпталууда. Ал 2014-жылы февралда президент Виктор Янукович Орусияга качып кеткенче, анын жакын саясий союздашы болгон. Андан кийин Януковичти жана жакын кеңешчилерин Украинага баш аламандык алып келди деп, ырасмий түрдө сындаган. Быйыл январда Жогорку Кеңештин мүчөлөрү прокуратурага кайрылып, Ефремов Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге финансылык жардам көрсөттү деген маалыматты текшерүүнү сураган болчу.

XS
SM
MD
LG