Пакистанда полиомиелитке каршы эмдөөчүлөрдү ташыган автомобилдин айдоочусу өлтүрүлдү. Айдоочу жана шалга каршы эмдөөчү топтун эки кызматкери Хайбер регионунда 16-февралда башталчу вакцинацияга даярдык көрүп жүрүшкөн. Медициналык кызматкерлер аман-эсен экени маалымдалды.
Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек. Бирок буга чейин ислам экстремисттери полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзгөн дарыгерлерди шпиондук маалыматтарды жыйнашат, ийне сайып, мусулмандарды тукумсуз кылат деп каралашкан.
Дүйнөнүн үч гана өлкөсүндө: Пакистан, Ооганстан жана Нигерияда шал ооруусу эпидемиялык мүнөзгө ээ.