Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Бишкекте грек-рим чемпионатынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды


Спорт ордосунда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты бүгүн, 16-февралда жыйынтыкталат. Балбандар сегиз салмак категориясында күч сынашып жатат.

Кечээ, мелдештин биринчи күнүндө төрт категория боюнча чемпиондор аныкталды. Токсон күрөшчүнүн ичинен 59 кг салмакта Арсен Эралиев, 71 кг салмакта Аскар Бегалиев, 80 кг салмакта Самат Чоноралиев, 98 кг боюнча Бексултан Махмудов алтын медал тагынышты.

Бүгүн 66, 75, 85 жана 130 килограммдагы спортчулар беттешет. Чемпионатка 180 балбан катышууда.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен эл аралык турнирлерге катышуу үчүн улуттук кураманын мүчөлөрү аныкталмакчы.

Улуттук курама апрель айында Катарда өтө турган Азия чемпионатына даярдык көрө баштайт. Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу сентябрда Лас-Вегаста болот. Анда 2016-жылы Бразилияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат. (ECh)

XS
SM
MD
LG