Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Саламаттыкты сактоо министрлиги эмдөөгө активдүү катышууга чакырды


Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамык жана кызылча ооруларына каршы Улуттук программа жарыялап, жарандарды эмдөөгө активдүү катышууга чакырды. Министрликтин басма сөз кызматы 2-марттан 14-мартка чейин Кыргызстандын бүт аймактарында жапырт эмдөө жүрөрүн кабарлады.

Март айындагы эмдөө эки этапта өтөт. Алгач 11 жаштан 20 жашка чейинкилер, андан соң 1 жаштан 10 жашка чейинкилер дарыланат. Жалпысынан 2 млн 307 миң адам эмдөө алат.

Дары-дармек сатып алууга өкмөт 34 миллион сомдон ашуун каражат бөлгөн. 840 миң доза вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уруксат берген фирмалардан Балдар фонду аркылуу сатылып алынары кабарланган.

Кыргызстанда кызылча оорусуна кабылгандар соңку бир айда кескин көбөйдү.

Кыргыз медицинасында корь оорусу – кызылча, краснуха – кызамык деп аталат. (SE)

XS
SM
MD
LG