Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов билдирди.
“Учурда териштирүү иштери башталды. Мындан ары ушундай окуяларга бөгөт коюу максатында Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтери менен биргеликте активдүү иштерди баштайбыз. Алгач себептерин аныктап, андан кийин комиссия түзүлөт. Ал мугалимдин мектепке иштеп калышына себепкер адамдар жоопко тартылат”, - деди Акматов.
Кечээ Бишкектеги конуштардын биринде 3 жаштагы уулун жана 4 жашар кызын бычактап өлтүргөн эне кармалган. Маалыматка караганда, 34 жаштагы И.А. аттуу айым буга чейин шаардагы бир мектепте англис тилинен сабак берип келген. Ал буга чейин Республикалык психикалык саламаттык борборунда эки ирет дарыланып чыкканы белгилүү болду. (МТо)