Казакстандын бийликтеги “Нур-Отан” партиясы өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин колдоду. Партия билдирүүсүндө, бул демилгени бардык жарандарды жана саясий күчтөрдү колдоого чакырды. Мындай демилге менен 14-февралда Казакстан калк ассамблеясы чыккан эле. Президент Нурсултан Назарбаев төрагалык кылган ассамблея учурдагы шартта “экономикалык саясатты бекемдөө үчүн” президенттик шайлоону эртелей өткөрүү зарылдыгын билдирген. Негизи президенттик шайлоо 2016-жылга белгиленген эле. Бирок парламенттик шайлоо да бул жылга белгиленгендиктен эки шайлоону бир жылда өткөрүү кыйын болорун ассамблея өкүлдөрү жүйө келтиришүүдө.
74 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет. Ал 2011-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо төртүнчү жолу президенттикке шайланган эле.