Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

КСДП Салимовдун иши боюнча Башкы прокуратурага кайрылды


Парламенттеги Социал-демократтар фракциясы "депутат Турсунтай Салимовго таандык делген саунадан сойкулук менен алектенген кыздар табылган" деген маалыматтын чын-бышыгын аныктап берүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Турсунтай Салимов өзү билдирди.

Депутат милициядагы айрым адамдар саясий максатта, партиянын атын атайын булгагысы келген деп айыптоодо. Буга негиз катары саунадагы видеокөзөмөл тартып алган тасманы көрсөткөн. Анда айрым адамдардын машине менен кыздарды алып келгени тартылып алынган.

Видеодогу адамдар боюнча Салимов: “Аталган жайга кыздарды милиция ташып келип, кайра аларды өздөрү атайын видеого тартып, коомчулукка тескери маалымат таратышты”, - деп түшүндүрмө берди.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов “Азаттыкка” комментарий берип жатып, саясий буйрутма деген айыпты четке какты. “Учурда ички иликтөө жүргүзүлүп жатат. Алар биздин кызматкерлер эмес”, - деди Сейитов.

Январь айында милиция Жогорку Кеңеш депутаты Турсунтай Салимовго таандык делген эс алуу жайында жашыруун сойкукана иштеп жатканын билдирип, рейд учурунда тартылган видеону ачыкка чыгарган. Бул коомчулукта чоң талкуу жараткан болчу. (EBM/MTo)

XS
SM
MD
LG