Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:48

Жээнбеков: Оппозиция майдын аягында биригиши мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери, депутат Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жума күнү болгон УОКтун жыйынында оппозициячыл саясатчылар үч багытта иштөөнү макулдашкан.

- Биринчиси, өлкөнү учурдагы кризистен чыгарууга оппозициядагы саясатчылар кантип салым кошобуз. Экинчиси, шайлоого даярдык. Кандай багытта, кандай ураандар, кайсы саясатчылар менен барабыз деген талкууну ачтык. Жазда түрдүү митингдер башталат. Аларга оппозициянын көз карашы кандай болот деген багыттарда да иштеп атабыз, - деди Жээнбеков.

Ал эми оппозиция кайсы саясий күчтүн тегерегине чогулат деген маселе да талкууда. Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери оппозиция майдын аягына өзүнчө топ менен чыгып калышы ыктымалдыгын да кошумчалады. (AiT/MTo)

XS
SM
MD
LG