Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча чемпионат аяктады


Спорт ордосунда өткөн грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты бүгүн, 16-февралда жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандын аймактарынан спорт чеберлигине талапкер наамынан жогорку даражага ээ болгон 180 балбан катышып, сегиз салмак категориясында күч сынашты.

Бүгүн, мелдештин экинчи күнүндө 66 кг салмакта Нургазы Асангулов, 75 кг салмакта Атабек Азизбеков, 85 кг салмакта Азат Бейшебеков жана 130 кг салмакта Мурат Рамонов чемпион болушту.

15-февралда болгон мелдештин биринчи күнүндө 59 кг салмакта Арсен Эралиев, 71 кг салмакта Аскар Бегалиев, 80 кг салмакта Самат Чоноралиев жана 98 кг боюнча Бексултан Махмудов алтын медал тагынышкан эле.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен эл аралык турнирлерге катышуу үчүн улуттук кураманын мүчөлөрү аныкталмакчы.Улуттук курама апрель айында Катарда өтө турган Азия чемпионатына даярдык көрө баштайт. Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу сентябрда Лас-Вегаста болот. Анда 2016-жылы Бразилияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат. (ECh)

XS
SM
MD
LG