Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Грузия Саакашвили боюнча Украинадан түшүндүрмө талап кылды


Грузия бийлиги экс-президент Михаил Саакашвилинин бул өлкөдө кызматка дайындалышы боюнча Украинадан түшүндүрмө талап кылды. Бул үчүн Украинанын өлкөдөгү элчиси Василий Цыбенко 15-февралда Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Давид Кереселидзе Украинаны өз өлкөсүнүн “стратегиялык өнөктөшү” деп атап, элчинин чакырылышын эки өлкө ортосундагы мамиленин начарлашы катары кабыл алынбашы керектигин билдирди.

13-февралда Украинанын президенти Петро Порошенко Михаил Саакашвилини өлкөдөгү реформа боюнча консультативдик кеңештин төрагалыгына дайындалганын жарыялаган эле.

Гурзияны 2004-2013-жылдары башкарган Михаил Саакашвили өлкөдөн эки жыл мурун чыгып кеткен. Бул өлкөнүн жаңы бийликтери экс-президентке кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан ашыкча пайдаланган жана парламент депутатына кол салууну уюштурган деген айып таккан. Өткөн жылы августта Гурзиянын Башкы прокуратурасы Саакашвилиге эл аралык издөө жарыяланганын билдирген. Бирок бүгүн Михаил Саакашвилинин адвокаты Отар Кихадзе экс-президентке карата эл аралык издөөнү токтотуу боюнча өтүнүчтү НАТОнун жана Европа парламентинин жетекчилери Интерполго жөнөткөнүн жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG