Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Киев: тынчтык келишимине карабай жикчилдер 112 жолу ок чыгарды


Украинанын бийликтери ок атууну токтотуу боюнча келишим күчкө кирген акыркы 24 саатта жикчилдер 112 жолу ок ачканын билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Павел Климкин Украина Минксте кабыл алынган келишимди толугу менен аткарарын айтып, бирок “Донецк жана Лугансктагы жикчилдер ракеталык "Град" системасынан аткылоону токтотпой жатат” деп айыптады.

Украин армиясынын өкүлү Reuters агенттигине билдиргендей, ок атуу токтотуу боюнча келишим күчкө киргенден тарта эле беш аскер мерт кетип, 25и жараат алды.

Киев да, жикчилдер да келишим бузулуп жаткандыктан, аймактан оор аскердик техниканы чыгарууну баштабай турганын билдирип жатышат.

Германия, Франция, Украина жана Орусия жетекчилери 12-февралда Минскте Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Келишимде 15-февралда түн ортосунан тарта ок атууну токтотуп, үч апта аралыгында аймактагы оор техникаларды чыгаруу каралган.

XS
SM
MD
LG