Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Олимпиада чемпиону Александр Мелентьев көз жумду


Александр Мелентьев
Александр Мелентьев

16-февралда Москва Олимпиадасынын чемпиону Мелентьев Александр Реммович оорудан улам 61 жашында жарык дүйнө менен коштошту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жаткан болчу.

Маркум 1954-жылдын 27-июнунда Пенза шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун машыктыруучу-окутуучу адистигин аяктагандан кийин ок атуучулардын “Динамо” (Фрунзе) командасынын намысын коргоп, мелдештерге катышкан.

Тапанчадан ок атуу боюнча 1980-жылдагы Москва Олимпиадасынын алтын медалын тагынган. Командалык мелдештерде 8 жолу дүйнөнүн, 7 жолу Европанын чемпиону болгон. Ошондой эле ал СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери жана эл аралык класстагы спорт чебери эле.

Эки ирет Европа чемпиондугунун күмүш медалын алган. СССР чемпиондугун 13 жолу жеңген. Жеке жана командалык эсепте СССРдин, Европанын жана дүйнөлүк рекорддордун ээси.

Александр Мелентьев чыгаан спортчу жана машыктыруучу катары бир нече атактуу ок атуучуларды тарбиялаган. (ECh)

XS
SM
MD
LG