Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Египет коптордун өлүмү үчүн ИМге каршы операция баштайт


Египет Ливиядагы “Ислам мамлекети” террорчул топторуна каршы абадан сокку урат. Бул согушкерлер египеттик 21 коп-христиандын башын алган соң жасалган жатат. Буга чейин христиандардын башын алган тасма интернетке жайылтылган болчу. Аталган адамдар Ливияда өткөн жыл соңунда жана январда уурдалган эле.

Өлкө президенти Абдал Фаттах ас-Сиси мамлекеттик теледен сүйлөп жатып, Египет согушкерлердин бул жоругуна каршы “тиешелүү жооп кайтарат” деп убада берген. Ал эми АКШ Ак үйүнүн расмий өкүлү Жош Эрнест бул окуяны сынга алып, “коркоктук” деп атады.

XS
SM
MD
LG