Москва шаардык соту чыккынчылыкка шектелген Светлана Давыдованы камакка алуу чечимин мыйзамсыз деп тапты. Ишти бүгүн караган шаардык сот жети баланын энеси Давыдованы камакка алуу негизсиз болгонун билдирди. Мындай жол менен Давыдованын адвокаттарынын өтүнүчү канааттандырылды.
36 жаштагы Давыдованын жети баласы, анын ичинде эмчектеги эки айлык ымыркайы бар. Аны орус бийликтери мамлекетке "чыккынчылык кылды" деген айып менен 21-январда камакка алышкан. Интернетте 40 миңге чукул адам кол топтоп, президент Путинге кат жолдошуп, көп балалуу энени абактан чыгарууга чакырган соң гана ал камактан чыгарылган.
Орусиянын тергөө органдарынын божомолунда, Давыдова 2014-жылдын апрелинде Украинанын элчилигине чалып, анын үйүнөн алыс эмес жайгашкан аскер бөлүктүн жоокерлери Донбасска жөнөтүлгөн болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.
Ал күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.