Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Саргсян Түркия менен мамилени жакшыртуу келишимин чакыртып алды


Серж Саркисян
Серж Саркисян

Армениянын президенти Серж Саргсян Түркия менен мамилени оңдоо боюнча келишимди чакыртып алды. Бул тууралуу дүйшөмбүдө армян президентинин аппаратынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өз чечими тууралуу Саргсян парламент спикери Галуст Саакянды расмий кабардар кылды.

Армян президентинин билдирүүсүндө келишимди ишке ашыруу боюнча Түркия бийлигинин саясий эрки жоктугу жана расмий Анкара документти бурмалоо аракетин көрүп жатканы айтылат. Анын жүйөсүндө, келишим даярдалганына алты жыл болсо да Түркия тарап аны ишке ашыруу боюнча кызыкдарлыгын көрсөтпөй жатат.

Ошондой эле Саргсян быйыл Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясынын армяндарга карата геноцидинин 100 жылдыгы болоруна да көңүл бурган.

Армян тараптын ырасташынча, пайдубалы кыйраганы турган Осмон империясынын күчтөрү 1915-жылы 24-апрелде баштаган кандуу булоондо 1,5 миллион армян жана жарым миллион түрк кырылган. Осмон империясынын мураскери саналган Түркия Еревандын «геноцид», башкача айтканда армяндарды тукумкурут кылуу максатында өлтүрүшкөн деген аныктамасына макул эмес.

XS
SM
MD
LG