Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди:
- Айрыкча Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Чүй облустарында коркунуч жогору. Мындай кооптуу абал жаздын аягына чейин сакталат,- дейт Мамбетов.
Күн ысып, кар жана муз эрий баштагандыктан өткөн жумада Талас, Ош жана Чүйдөгү бир катар аймактарда турак-жайларды суу каптаган. (SE)