Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Бишкек - Торугарт жолунда каттам эки күнгө чектелет


Жардыруу иштерине байланыштуу Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда 19-20-февраль күндөрү каттам чектелет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Министрлик жолдун 313-чакырымындагы Бейше-Булак участкасында жар көчүү коркунучу бар экенин эскертип, аны көчүрүп, тазалап бүткүчө жол кыймылы чектелерин билдирет.

19-февралда Бишкектен жана Кочкордон Нарынды көздөй чыккан жүргүнчүлөргө эртең менен ондон кечки алтыга, ал эми Нарындан Бишкекке жол жүргөн жүргүнчүлөргө 12:00дөн 18:00гө чейин жол жабылат.

20-февралда Бишкек - Торугарт унаа жолундагы жүргүнчүлөргө 08:00дөн 18:00гө чейин жол каттамы жабылат.

XS
SM
MD
LG