Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн Юстиция министрлигине сунушталган Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин жактырды. Мамбеталиева буга чейин аталган министрликте министрдин орун басары болуп иштеген.
Комитеттин чечими эртең парламенттин жалпы жыйынында каралат. Андан өтсө президенттин кароосуна жиберилет.
Өткөн айда жергиликтүү гезиттердин бири "Аида Салянова Нарымбаевдин саясий оюндарынын негизинде кызматтан кеткени тууралуу" Шыкмаматовго шилтеме берген маалымат жарыялаган. Нарымбаев министрдин үстүнөн коалициялык көпчүлүккө арыз жазып, расмий кечирим сурашын талап кылган.
Шыкмаматов кечирим суроодон баш тартып, февралдын башында өз каалоосу менен юстиция министри кызматынан кеткен. (МТо)