Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Тажикстанда тыюу салынган топтун мүчөлөрү соттолду


Жогорку соттон бүгүн билдиргендей, 26дан 42ге чейинки жаштагы 13 киши Сириядагы согушка өлкөнүн түндүгүндөгү Сохдий областынан тургундарды азгырган деп табылды. Ноябрда камакка алынган соттолуучулар 9 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылышты. Аларга убагында кылмыштуу топ уюштурган, мыйзамсыз курал алып жүргөн жана Жамаат Ансарулла деген экстремисттик топко мүчө болгон деген айыптар тагылган эле. Тергөөчүлөрдүн ишениминде, Жамаат Ансарулла Өзбекстандын Исламдык Кыймылы деп аталган уюшманын бир бутагы. Бул кыймылды АКШнын Мамдепартаменти террордук уюмдардын тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG