Өлкө чыгышындагы Лахор шаарында полиция комплексиндеги бомба жарылуусунан аз дегенде үч кишинин өмүрү кыйылды.
Лахор полициясынын башчысы Хайдер Ашрафтын айтымында, бүгүнкү жардыруудан дагы бир нече киши жараат алды. Айрым кабарларга караганда, жарылуудан кийин атышуу болгон. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок. Декабрда Пешавар шарындагы мектепте талиптердин кол салуусунан 151 киши набыт кеткенден кийин өлкө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле.