Нарын шаардык мэриясы балдарды зордук-зомбулуктан, ырайымсыз мамиледен коргоо жана оор турмуштагы үй-бүлɵлɵрдү жана балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдɵ.
Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.
- Рейдде шаардагы тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү зордук-зомбулукка кабылган балдарды аныктап, мэрия аларды өз көзөмөлүнө алат. Ошондой эле туугандарына тиешелүү чаралар көрүлөт, - дейт Качкынбаева.
Рейд 10-мартка чейин уланат. (MiK)