Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Путин нааразылык акциясы өткөн Венгрияга барат


Виктор Орбандын каршылаштары тарткан сүрөтү. Алар Орбан Венгрияны Кремлге жакындатууда деп айыпташууда.
Виктор Орбандын каршылаштары тарткан сүрөтү. Алар Орбан Венгрияны Кремлге жакындатууда деп айыпташууда.

Июнь айынан бери Евробиримдикке жасоочу алгачкы эки тараптуу визитинде Орусиянын президенти Венгрия менен узак мезгилдүү газ экспортун талкуулашы күтүлүүдө.

Кечээ миңдеген венгрлер Будапештте Путиндин келишине каршы демонстрацияга чыгышты. Алар өкмөт башчысы Виктор Орбанды «өлкөнү путиндештирүүнү» токтотууга чакырышты.

Орбандын Орусияны жактаган туруму анын Батыштагы имиджин дагы начарлатты. Ал өткөн жайда Венгрияны Орусия менен Түркиядай «либералдуу эмес» демократиялуу өлкө болот деп элестетерин айткан эле. Байкоочулар Путин Евробиримдиктин өз өлкөсүнө киргизген санкцияларына каршы чыгышы үчүн Орбанга кысым жасашы мүмкүн экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG