Нарын районунун Өрнөк айылында 14-февраль күнү салбуурун оюнунун 6 түрү боюнча мелдеш болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облусунун Салбуурун федерациясынын жетекчиси Мурат Өмүралиев билдирди.
Аталган оюнга жалпысынан 40ка чукул тайган, 6 бүркүт жана жебечилер катышып, Салбуурун федерациясы тарабынан кызыктуу байгелер берилди.
Салбуурун оюну 4 жылдан бери Нарындагы райондордун арасында өткөрүлүп келет. Ал эми бул жолкусунда Ысык-Көлдөн салбуурунчулар келип катышты. (MiK)