Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

Украинанын чыгышында согуш аракеттери уланууда


Украина -- Дебальцевонун чет жакасында турган орусиячыл аскер. 13-февраль, 2015
Украина -- Дебальцевонун чет жакасында турган орусиячыл аскер. 13-февраль, 2015

15-февралда күчүнө кирген элдешүү келишимине карабастан, бүгүн Дебальцево шаарынын айланасында жана шаардын темир жол бекетинин жанында айыгышкан салгылаштар жүрүп жатканы кабарланууда.

Киев бийликтери акыркы 24 саатта беш аскери окко учканын маалымдады. Жикчилдер өз кезегинде украин армиясы акыркы 24 саатта Донецк аймагын аткылап жатканын айтууда.

Берлин бийликтеринин маалыматына караганда, Орусия, Украина, Германиянын лидерлери элдешүүнүн шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюмуна мүмкүндүк берүү үчүн «конкреттүү» кадамдарды макулдашты.

XS
SM
MD
LG