Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:19

Медакадемиядагы чыр боюнча ректор Зурдинов Сариевага түшүндүрмө берет


“Азаттык” радиосунун журналисттерине Бишкектеги Медициналык академияда күч колдонулганына байланыштуу Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева окуу жайдын ректору Ашыралы Зурдиновду чакырып, түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Ректор министрликке келип, окуя боюнча түшүндүрмө берери тууралуу Сариева “Твиттердеги” баракчасына жазды жана сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлөрүн “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн, 17-февралда “Азаттык+” телекомандасы окуу жайлардагы коррупциялашкан жагдайларды иликтөө үчүн Медициналык академияга барган. Кабарчылар ректор Ашыралы Зурдиновдон маек алууга кирип баратканда окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы жана кызматкерлери аларга тоскоолдук кылып, камераларын тартып алууга аракет кылышкан. Андан соң күч колдонуп, окуу жайдан сыртка чыгарышкан. Бул арада окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы Мурат Сулайманов операторду бир нече жолу бөйрөккө муштап, кабарчыны да уруп-сабоого аракет кылган. Болгон окуя видеого тартылып алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG