Орусия президенти Владимир Путин жикчилерди Украина күчтөрүнүн Дебальцево шаарынан чыгып кетишине тоскоол болбоого чакырды. Бул тууралуу ал 17-февраль күнү Будапештте сүйлөп жатып айтты. Путин Киев жикчилерге каршы ок атууну токтотуп, өкмөт күчтөрүн Дебальцеводон алып кетүү менен алектениши зарылдыгын белгиледи.
Жикчилер 17-февраль күнү Дебальцево шаарынын көп жерин басып алган. Муну расмий Киев тастыктап, шаарда абал өтө татаал экенин, салгылашуу уланып жатканын айткан.
Коргоо министрлиги өкмөт күчтөрүнүн айрым өкүлдөрү туткундалганын билдирген. Бирок орус медиасынын жана жикчилердин көп сандагы украин аскерлери колго түшкөнү тууралуу маалыматын четке каккан.
Азырынча 15-февралда күчүнө кирген тынчтык келишими максатына жеткен жок.