Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Балдарын өлтүрүүгө айыпталган эне эки айга камакка алынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бул иш боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар, анын ичинде психиатриялык экспертиза жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы бир ай ичинде чыгарылат.

Мурдараак 33 жаштагы келин үч жашар уулун жана төрт жаштагы кызын бычактап өлтүргөндүгүн моюнуна алган. Кийинчерээк ал Бишкектеги №44 мектепте англис тилинен сабак берери, буга чейин бир топ мектептерде иштегени маалым болгон. Ошондой эле, ал республикалык психиатриялык борбордон эки ирет дарыланып чыккан.

Бул боюнча Билим берүү министрлиги атайын териштирүү жүргүзөрүн билдирген. (МТо)

XS
SM
MD
LG