Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Парламент Мамбеталиеванын талапкерлигин колдоду


Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Юстиция министрлигине Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлиги бир добуштан жактырылды.

Мамбеталиева 2008-жылдан бери аталган министрликте министрдин орун басары болуп иштеген. Эми колдоо тапкан талапкерди министрликке президент бекитиши керек.

Өткөн айда жергиликтүү гезиттердин бири "Аида Салянова Нарымбаевдин саясий оюндарынын негизинде кызматтан кеткени тууралуу" Шыкмаматовго шилтеме берген маалымат жарыялаган. Нарымбаев министрдин үстүнөн коалициялык көпчүлүккө арыз жазып, расмий кечирим сурашын талап кылган.

Шыкмаматов кечирим суроодон баш тартып, февралдын башында өз каалоосу менен юстиция министри кызматынан кеткен. (МТо)

XS
SM
MD
LG