Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Министр өкмөт башчыдан Зурдиновдун жоопкерчилигин кароону өтүндү


Ишин аткаруу учурунда журналисттерге күч колдонуу туура эмес көрүнүш. Бул тууралуу билим берүү министри Элвира Сариева билдирди.

- Бул мамлекеттик окуу жайдын жетекчисинин өз жоопкерчилигин жана милдеттерин жеткиликтүү түшүнбөгөндүгүнүн белгиси. Өзгөчө мамлекеттик билим берүү мекемесинин ачыктыгы жана андагы коррупция боюнча маселе көтөрүлүп жатканда мындай болбошу керек эле, - дейт Сариева.

Окуу жайдын жетекчилигин бекитүү жана дисциплинардык жазага тартуу өкмөт башчынын милдетине кирет. Мындан улам билим берүү министри өкмөт башчыга кайрылып, Зурдиновго сөгүш берүүнү өтүндү.

Кечээ, 17-февралда, “Азаттык+” телекомандасы окуу жайлардагы коррупциялашкан жагдайларды иликтөө үчүн Медициналык академияга барган. Бирок окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы Мурат Сулайманов жана башка кызматкерлер журналисттерге тоскоолдук кылып, камераларын тартып алууга аракет кылган. Андан соң күч колдонуп, окуу жайдан сыртка чыгарышкан. Окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы Мурат Сулайманов учурдан пайдаланып, операторду бир нече жолу бөйрөккө муштап, кабарчыны да уруп-сабоого аракет кылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG