Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Акыйкатчы: Жоокерлер зомбулуктун айынан өз жандарын кыюуда


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн аскер кызматкерлеринин укуктарын сактоо боюнча жыйында акыйкатчы Бакыт Аманбаев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдын августунан ноябрь айына чейин жоокерлер арасында сурамжылоо аркылуу мониторинг жүргүзүлгөн. Сурамжылоо жыйынтыгы жогорку чиндеги аскер кызматкерлеринин катардагы жоокерлерге карата зомбулугу токтобогондугун көрсөткөн.

“Мунун баары катардагы жоокерлердин өз жанын кыюусуна алып келүүдө. Бул абдан коркунучтуу көрүнүш. Муну тезинен токтотуубуз керек. Анткени өлкөдөгү тынччылык аскер бөлүктөрүндөгү, чек ара бекеттериндеги моралдык-психологиялык жагдайдан көз каранды”, - деди Аманбаев.

Ошондой эле, жоокерлердин жашоо-шартынын начарлыгы, күнүнө тамак-ашына 60 эле сом бөлүнөрү айтылып, бир катар сунуштар киргизилди.

Мониторинг 70 аскер бөлүгүндө жүргүзүлгөн. (МТо/EBM)

XS
SM
MD
LG