Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Бектеналиев: “Курманжан датканын” чыгымы кайтарылбайт


"Курманжан датка" тасмасынан алынган сүрөт.
"Курманжан датка" тасмасынан алынган сүрөт.

“Курманжан датка” фильмин тарткандар тасманын чыгымын мамлекетке толук кайтарууга милдеттүү эмес. Бул тууралуу бүгүн парламентте Кинематография департаментинин жетекчиси Мукталы Бектеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тасманы тартууга бөлүнгөн каражатты кайра кайтаруу боюнча милдеттенме жок.

- Аталган фильмдин прокатынан 4 айда 30 миллион сом түштү. Анын 30% чейинки бөлүгү салыкка кетти. Мындан тышкары кинотеатрларга тасмадан түшкөн кирешенин 10% калып, калган 90% мамлекетке түшүүдө, - деди Бектеналиев.

Ал “Курманжан даткадан” түшкөн каражаттын 10 миллионуна департамент башка тасмаларды тартууну пландап жатканын, анын ичинде тарыхый-документалдуу тасмаларды тартуу караларын белгиледи.

"Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасы мамлекеттик акчага тартылып, өткөн жылы 31-августта коомчулукка тартууланган. Ушул жылдын башында фильм уурдалып, интернетке чыгып кеткен болчу. Бектеналиевдин айтымында, УКМК фильмди уурдап, пираттык жол менен таратууга шектелген төрт адамды кармаган. (МТо)

XS
SM
MD
LG