Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:28

Пара алуу боюнча иште адвокат да кармалды


16-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет пара талап кылуу жана алуу боюнча ишке катыштыгы бар деп шектеп Б.И. аттуу адвокатты кармады. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты.

Андан мурдараак УКМК карабалталык жарандан ортомчулар аркылуу 1500 миң доллар пара алган деген шек менен Чүй облустук прокуратурасынын Б.М. аттуу тергөөчүсү жана Жайыл райондук прокуратурасынын С.Н. аттуу коомдук жардамчысын колго түшүргөн.

Маалыматка караганда, Б.М. камайм деп коркутуп, К.Е. аттуу жарандан 1500 АКШ доллар талап кылган.

Адвокат жогорудагы кызматкерлердин пара алганын айтып, айыпты мойнуна алган.

Биринчи Май райсотунун чечими менен кармалгандар 2 айга УКМКнын убактылуу абагына камалышты. Тергөө уланууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG