Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Назарбаевди түбөлүк президент шайлоо жараяны күчөдү


Нурсултан Назарбаевдин Алматынын көчөлөрүнүн бириндеги постери.
Нурсултан Назарбаевдин Алматынын көчөлөрүнүн бириндеги постери.

Казакстан калк ассамблеясы Нурсултан Назарбаевге кайрылып, кезексиз президенттик шайлоону 2015-жылы өткөрүүнү суранды. Бул жөнүндө “Новости-Казахстан” агенттиги шаршемби күнү кабарлады. “Казакстан глобалдык сыноолордон ийгиликтүү өтүүсү үчүн президент Назарбаевге жалпы элдик ишенимдин жаңы мандатын берүү зарыл”, - деп айтылат кайрылууда.

Кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү демилесин Казакстан калк ассамблеясынын кеңеши 14-февралда көтөргөн.

Демилгени 17-февралда бийликтеги “Нур Отан” партиясы, алты саясый партияны жана көптөгөн бейөкмөттүк уюмдардын башын кошкон “Казакстан-2050” коалициясы колдоп чыкты.

XS
SM
MD
LG